• Без рубрики

    Абу Ханифанын өмүр таржымалы

    Төрөлүшү жана өсүшү Абу Ханифа ан-Нуман ибн Сабит – факих, мухаддис, Ханафи мазхабынын негиздөөчүсү. Ал Куфа жергесинде Абдулмалик ибн Марван халиф болуп турган кезде (Умавийлер халифаты) 80 хижра жылы (699-жылы) жарык дүйнөгө келген. Ал жактан тарбияланып, жашоосунун көбүн ошол жакта жашаган, жана Багдад шаарында бул дүйнөдөн өткөн. Сыпаттары жана адеби Имам Абу Ханифа (Аллах ырайымына алсын) өтө акылдуу, зээндүү, сүйлөсө күчтүү далил-негиздерге таянып сүйлөгөн, келбетүү, бир туугандарына кайрымдуу, захид (аскет) киши болгон. Абу Ханифа (Аллах ырайымына алсын) соода-сатык тармагында иштеп, чынчыл, аманатка бекем соодагер эле. Ал көп жыл соода тармагында иштегендиктен, каада-салтты, адатты, алака-мамилелерди, соода-сатыктын жана карызга алыш-бериштин жол-жоболорун иш жүзүндө көрүп, өтө чоң тажрыйба топтогон. Ал жибек жана жибектен…