Без рубрики

Абу Мансур аль-Матруди деген ким болгон?

Матурудия – акыйда мазхабы. Негиздөөчүсү Абу Мансур аль-Матуруди. Азыркы ханафибиз дегендер “фикхте Абу Ханифаны, акыйдада аль-Матурудини карманабыз”, “Аль-Матуруди акыйдада илимдүүрөөк” деп айтышат. Бирок бул жалган сөз. Абу Ханифа ага караганда бир канча ирээт илимдүү болгон акыйдадан да, фикхтен да.

Бирок азыркы ханафибиз дегендер эмнегедир Абу Ханифанын акыйда тууралуу калтырып сөздөрүн, ачык жана түшүнүктүү жазылган “Фикх аль-Акбар” деген китебин эмес; же ханафи мазхабынын башка аалымдары акыйдага арнап жазышкан илимдүү китептерин эмес (алардын эң белгилүүсү эле Имам ат-Тахавинин “аль-Акыйда ат-Тахавиясы”), бирок философияга негизделип, хадис-асардан алыс жазылган аль-Матурудинин китептерин карманышат.

Ошол эле мезгилде аль-Матуруди кимден, кантип, канча, эмне деген илим алганы тарыхта белгисиз (!). Ал эми анын төрт устазы да “дуафа”лар (хадистери назарга алынбаган, алсыз) катарында же хадис илимине таптакыр тиешеси жок белгисиз кишилер болгон. Кантип, эмненин негизинде аль-Матуруди Абу Ханифага караганда илимдүүрөөк болгон деп айтса болот?!

Төмөнкү макалаларыбызда мутрудия акыйдасынын негиздөөчүсү Абу Мансур аль-Матурудинин өмүр баяны изилденилет. Анын алдын аль-Лажна ад-Даима’нын (Исламий изилдөөлөрдүн жана фетвалардын дайымкы комитети) мүчөсү, Кибар аль-Улама’нын (чоң аалымдар кеңеши) мүчөсү болгон Шейх Салих ибн Фаузан аль-Фаузандын фетвасына көңүлүңүздү бурабыз.

“ФИКХТЕ АБУ ХАНИФАНЫ, АКЫЙДАДА МАТУРУДИНИ КАРМАНАБЫЗ”, — ДЕП АЙТКАНДАРГА ШЕЙХ ФАУЗАНДЫН ЖООБУ

Шейх Салих Аль-Фаузан (Аллах аны ырайымына алсын) айтты:

“Алар ханафи мазхабына өзүн таандык кылышат, бирок Абу Ханифанын акыйдасына каршы келишет. Алар Абу Ханифанын жолун фикхте эле ээрчишет, бирок акыйдада башка жолду тутунушат. Акыйданы алар ахлиль-калямдан (б.а. акыйдага философияны аралаштырып түшүнгөндөр) алышат. Ушундай эле нерсе шафий мазхабын кармангандар менен болду. Акыркы учурларда пайда болгон шафийиттер Имам Аш-Шафийдин акыйдасына каршы болуп, бирок анын фикхин эле карманышат. Ошондой эле акыркы маликиттер – алар Имам Маликтин акыйдасында эмес. Малики мазхабынын фикхин эле колдонушат, бирок акыйдада ар кандай тарикат, жаңы пайда болгон ой-пикирлердин ээрчүүчүлөрү”.

«Ат-Таъликат аль-мухтасара аля матн аль-акыдаат-тахавия», 27-бет.

АБУ МАНСУР АЛ-МАТУРИДИ ДЕГЕН КИМ?

(Шейх Шамсуддин ибн Мухаммад Ашраф ибн Кайсар ибн Амир Джамал ибн Шах ал-Афганинин «Матурудия» китебинен үзүндү)

Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор, пайгамбарыбыз Мухаммедке, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салават-саламдары болсун!

Андан кийин:

Бүгүнкү күнү имам Абу Мансур аль-Мутурудинин ысымы эл оозунда жүргөнү ырас. Ысымы катуу тарап кеткендиктен динге үч кайнаса шорпосу кошулбаган кишилер да аны уккан чыгаар. Көбүнчө бул көрүнүш КМШ аймагында кең этек жайган. Буга себеп эл-журтка фикх маселесинде ханафи мазхабын, ал эми ишеним маселесинде мутруди акыйдасын таңуулап отурган диний уюмдардын өкүлдөрү экенине сөз жок. Мына, ушунчалык чуу көтөрүп жүргөн, көптөгөн ээрчүүчүлөрү бар «Абу Мансур ал-Матуруди деген ким?» деген суроо мыйзамдуу түрдө туулат.

Анын толук аты-жөнү Абу Мансур Мухаммад ибн Мухаммад ибн Махмуд ибн Мухаммад ал-Матуруди ас-Самарканди.

Шейх Шамсуддин ибн Мухаммад Ашраф ибн Кайсар ибн Амир Джамал ибн Шах ал-Афгани өзүнүн «Матурудия» (1/240) деген китебинде ал-Матуруди тууралуу мындай деди:

«Анын өмүрү тууралуу изин кууп маалымат издеген киши таң каларлык жагдайга жолугат: мутруди мазхабынын негизин салуучу адамдын өмүр баяны бир дагы тарыхка тиешелүү «ат-Тарих» жана «ат-Табакат» китептеринде, шаарларга байланыштуу «аль-Бульдан» китептеринде, аалымдардын кайтыш болгон жылдары тууралуу «Уафаят» китептеринде, аалымдардын биографиясы баяндалган «Таражум» китептеринде ж.б.у.с. бир дагы китепте кездешпейт!

Ушул айткан китептерибизде анын өмүрү, кандай тарбия көргөнү жана билим издөө жолунда кандай саякаттаганы тууралуу таптакыр айтылбаган. Бир аз гана ысымы аталып өтүлгөнүнөн башка эч кандай маалымат жок. Ушундай чоң мазхабдын негиздөөчүсү болсо да, ал жөнүндө Ибн Асир (630) өзүнүн «ал-Камил» китебинде, Ибн Халкан (681) өзүнүн «Уфаятул-а’ян» китебинде, аз-Захаби (748) өзүнүн «Сияр а’ламу нубала» китебинде, «ал-‘Ибар» китебинде жана «ал-Мизан» китебинде эч нерсе жазбаган. Ошону менен катар ал киши жөнүндө Ибн Шакир (764) өзүнүн «Фауату уафаят» китебинде, Ибн Касир (774) өзүнүн «ал-Бидая уа-ннихая» китебинде, ас-Суюти (911) менен ад-Дауди (945) өздөрүнүн «Табакат лил-муфассирин» китептеринде, Ибн ‘Иммад (1079) өзүнүн «Шазарату захаб» китебинде, Науаб Садык ибн Хусайн (1307) өзүнүн «Абжаду ‘улум» китебинде эч нерсе айтпаган.

Ал киши тууралуу джарх уа та’дил илиминин китептеринде да, риваятчылардын аттары тууралуу «Асмау риджал» китебинде да айтылбаган. Мындайча айтканда мухаддистер анын барагын бош калтырышкан.

Эч ким ал тууралуу эч нерсе айтпаган: ал-Бакри (487) өзүнүн «Му’джаму масту’джима» китебинде, ал-Хамауи (626) «Му’джаму булдан» китебинде, Казуини (682) «Асару билад» китебинде, ал-Химяри (727) «Раудул-Миътар» китебинде, Сафиюддин ал-Багдади (739) «Марасиду иттила’» китебинде ал тууралуу унчукпаган.

Ошондой эле, мен Абу Мансур ал-Матурудинин биографиясы тууралуу санжыра китептеринде да эч нерсе таба албадым: ас-Сам’анинин (562) «Ансаб» китебинде, Ибн Асирдин (630) «ал-Любаб» китебинен да таппадым. Тек ас-Сам’ани башка бир кишинин биографиясы тууралуу айтып жаткан кезде жай Абу Мансурдун ысымын атап өтүп кеткен, ал-Микризи (845) да дал ошондой атап өткөн.

Ошону менен бирге, анын өмүр баяны «ал-Фахарис» китептеринде да кездешпеди: Ибн Надимнин (380) «Фахрасат» китебинде, Ибн Атыянын (541) «Фахрас» китебинде, Ибн Хайра ал-Ишбилинин (575) «Фахрас» китебинде, Каттанинин (1382) «Фахрасу фахарис» китептеринде беймалым болуп калган.

Ошону менен катар, анын өмүр баяны тууралуу «Нахв» (арабтилинин грамматикасы), «Адаб» (араб адабияты), «Люгавийин» (тил таануучулар) аалымдарынын жыйырмадан ашкан энциклопедияларынан издеп таба албадым.

Ал кишинин билим талап кылуу жолунда саякат эткен-этпеген тууралуу таптакыр белгисиз. Ал-Матурудинин Самарканддан бир ирээт болсо да чыккан-чыкпаганы да беймалым. Мен муну шаарларга билим издеп барган аалымдардын ысымдары айтылган калаалар тарыхы тууралуу китептерге сөйөнүп айтып жатам. Мисалы, ас-Сахминин (427) «Тариху Джурхан» китебинде, Абу Ну’аймдин (430) «Тарих Асбахан» китебинде, ал-Хатыбтин (463) «Тарих Багдад» китебинде, Ибн ‘Асакирдин (571) «Тарих Димашк» китебинде, Ибн Тайба ал-Фаси ал-Маккинин (832) «’Укду самин» китебинде түк айтылбаган.

Ас-Сафди (764) өз китебинде: «Мен бирде-бир такуа халифти, сахабаны, табийинди, амирди, казыны, вазирлерди, мухаддистерди, факихтерди, салихиндерди немесе бирде-бир таанымал адамды, жазуучуну, акынды, дарыгерди, даанышманды, кандай да бир агымдын негиздөөчүсүн, немесе белгилүү бир аалымдын атактуу наамын, адамдардын ичинде эң күчтүүсүн – калтырбастан бардыгын жаздым, ошолордун бир дагы бирөөсүн калтырбай барын жаздым» деп туруп, имам ал-Матуруди тууралуу бир дагы сөз козгобогону мени катуу таң калтырды (Кз.: «ал-Уафи бил-уфаяят» 1/605).

Ошондой эле ал киши жөнүндө агымдар менен мазхабдар тууралуу китептерден да таба албадым, тек азыркы учурда жазылгандардан башка.

Шейхул-Ислам Ибн Таймия да, Ибн ал-Кайим да ал тууралуу эч нерсе дешкен эмес. Бир гана Шейхул-Ислам Ибн Таймия аны жахмилер менен Ибн Килабтын жолун ээрчигендигин айткан. Кз.: «Дару таъаруд» 2/245, 7/441, «Китабул-иман» 414, «Маджуму’у-фатауа» 7/433.

Ибн ал-Кайим шейхул-Исламнын китептеринин ичинде «Рисала фи ‘акида аш’арияти уа ‘акида матуруди уа гайру ханафиях» деген китебин келтирген. Бирок да мен бу китептин басып чыгарылган түрүн да, же колжазма түрүн да таппадым. Эгер ал китеп чыгарылган болсо, таанымал болуп кетүү керек эле.

Ханафи-матуридилер ушул имамды мактап, карманып жүргөнү менен, анын өмүрү тууралуу толук айтылбаганы мени катуу таң калтырды. Бул бош аралыктын себеби эмнеде экенин билбейм, түшүндүрүп бере да албайм.

Мен ошол китептердин бардыгын канчалык күч сарптагандыгымды окурманга эскертүү үчүн жана ал кишинин өмүрү тууралуу билгиси келгендерге оңой болсун деп келтирдим.

Ушундай маалыматты жыйноо үчүн бир аз эмгек кылгандан кийин Абу Мансурдун өмүр баяны, туулган күнү, кайтыш болгон жылы жөнүндө бир кыл да тапкан жокмун. Болгону анын өмүр жолу, устаздары менен шакирттери тууралуу бир аз гана кабар табылды. Анын жубайы, акеси, атасы, теги тууралуу да эч кандай кабар жок.

Ал-Матурудиге тиешелүү тапкан болор-болбос кабарды баяндоону жөн көрдүм:

Имам Абу Мансур ал-Матуруди болжол менен хижрийдин 258-жылы туулган. Ал өзүнүн шейхи Насыр ибн Яхя ал-Балхиде окуган, ал 268-жылы кайтыш болгон. Ал-Матуруди ал кезде болжол менен он жашта болгон, ошондуктан Ал-Матурудинин төрөлгөн жылын 258-жыл дейбиз. Ал-Матуруди болжол менен 75 жыл өмүр сүрүп, 333-жылы о дүнүйөлүк болгон. Бул аз убакыт эмес – дээрлик бир кылым.

Ал Мухаммад ибн Мукатил ар-Разиде да (248) окуган. Эгер ошол сахих болсо, анда ал кезде Ал-Матурудинин жашы болжол менен ондордо болсо, демек анын туулган жылы 238-жыл болуш керек, анда анын өмүрү 95 жылга созулган.

Аллах жакшыраак билет.

Мен жогоруда анын билим изденүү жолундагы саякаты тууралуу эч нерсе билбеймин деп айткан элем, бирок доктор Мухаммад Са’ид ал-Афъани мындай дептир: «Матуруди Басрага акида маселесинде пикир талашуу үчүн 22 жолу сапарга чыкты». Кз.: «Шейхул-ислам ансар» 149.

Бирок доктор бул кабарына эч кандай далил келтирбеген, бул өз кезегинде чоң катачылык болуп эсептелет. Бул доктор өз макаласында канча деген каталарды кетирди! Ошону менен бирге, доктор ал-Афъани мындай деген: «Имам Матуруди 12 халифти биринен соң бирин өткөзүп жашады:

1 – Мутауакил Джа’фар ибн ал-Му’тасим Мухаммад ибн Харун ар-Рашид (247);

2 – Мунтасир Мухаммад ибн Мутауакил (248);

3 – Мустаъин Ахмад ибн Му’тасим(251);

4 – Му’таз Мухаммад ибн Мутауакил(255);

5 – Мухтади Мухаммад ибн Уасик (256);

6 – Му’тамид Ахмад ибн Мутауакил (279);

7 – Му’тадыд Ахмад ибн Муафик (289);

8 – Муктафи ‘Али ибн Му’тадыд (295);

9 – Муктадир Джа’фар ибн Му’тадыд (320);

10 – Кахир ибн Му’тадыд (339);

11 – Ради Мухаммад ибн Муктадир (329);

12 – Муттаки Ибрахим ибн Муктадир(357)»

Ошол кылымда мусулман үммөтү түрлүү саясий өзгөрүүлөрдү башынан кечирди, балким ал-Матуруди ошол заманда өмүр сүргөн чыгар.

Абу Мансур ал-Матуруди тууралуу башка эч маалымат жок. Далилденбеген бирөөлөрдүн пикирлери менен аңгемелерин алып карасак – мен аларды жазууга эч кандай акым жок.

Анын устаздары:

Жогоруда айтып өткөнүбүздөй тарыхта Абу Мансур ал-Матурудинин өмүр тууралуу: ал кандай өстү, кандай жетилди, кимде билим алды, билим талап кылуу жолунда кандай саякаттарды жасады, бир аалымдан болсо да окуганбы жокпу деген маселелер тууралуу эч кандай кабар жок дедик.

Албетте, анын төрт устазы тууралуу айтылат, бирок буларды эскерүү ал-Матуруди жөнүндө толук маалымат бербеси анык. Эмне болсо да келтирүүгө аракет кылалык анда:

1 – Мухаммад ибн Мукатил ар-Рази, ал 248-жылы кайтыш болгон. Көптөрү аны Матурудинин устазы болгон дешет, бирок бул сөздү эч ким далилдеп бере алган эмес. Мына, кээ бир аалымдардын бул устазы тууралуу айткандары. Имам аз-Захаби ал тууралуу «Мугни фи ду’афа» китебинде: «Да’иф» (алсыз, б.а. хадисте ишенимге ылайыктуу эмес) деген.

2 – Насыр ибн Йахя ал-Балхи, ал 268-жылы кайтыш болгон. Бул кишини да Матурудинин устазы деп айтышат. «Шарх ал-ихя» аз-Зубайди.

3 – Абу Бакр Ахмад ибн Исхак ибн Субайх ал-Джаузаджани (ал-Багдади ханафи). Бул кишинин 200-жылы көз жумганынан башка эч кандай маалымат жок.

4 – Абу Наср Ахмад ибн ‘Аббас ибн Хусейн ибн Джабалах ибн Галиб ибн Джабир ибн Науфал.

Мына, булар Матурудинин устаздары. Чындыгында алар анын устаздары болгон фактысы өзү күмөндүү.

Эгер анын устаздарынын биографиясына көз чаптырсак, «ду’афалардын» (сөздөрү назарга алынбай турган, алсыздар) катарынан экенин; немесе белгисиз бирөө экени; немесе хадис илимине, мухаддис аалымдарга эч тиешеси жок, мазхабга сокур ээрчиген бирөөлөр экенин байкоо кыйын эмес. Сөзсүз, алар өз шакирттерине изин калтырышкан чыгаар, алардын ичинде имам Абу Мансур ал-Матуруди да бар.

Жана соңунда таанымал шейх ‘Абдуллах ибн Юсуф ал-Джудайдын ал-Матуруди жанан анын мазхабы тууралуу айткан сөзү менен аяктагым келип жатат. Ал «‘Акыда салафия фи калами Раббил-бария уа кашфи абатыли мубтади’а раддия», китебинин 279-280-беттеринде айтты:

«Аш’арилердин акыйдасына шайкеш келген дагы бир топ бар, ал Абу Мансур ал-Матурудинин избасарлары, «Матурудия» деген ат менен белгилүү. Алар ал-Матурудини ахлю-Сунна уал-джама’анын экинчи имамы деп эсептешет. Бирок бул алардын гана оюу!

Абу Мансур ал-Матуруди ас-Самаркандини ханафи мазхабынын факихтер тобуна киргизишет, дал ошол себептүү ошол мазхабдын жактоочулары көбүн эсе ханафилер. Бул киши Аллахтын ысым жана сыпаттары тууралуу катуу тартышканды жана ал тууралуу философиялык ой жүгүртүүлөрдү өнөкөт кылган. Ал хадис жана сахабалар менен табийиндердин сөздөрүн изилдөөчүлөрдөн болбогон. Анын мазхабын ушунчалык таанымал кыла тургандай эч кандай шакирти да жок. Кийинчерээк анын акыйдасын кабылдап жана өздөрүн ханафибиз деген агым пайда болду. Кийин ошол мазхаб таанымал боло баштады.

Мунун баары карапайым калктын Сүннөттөн алыстап, наадандыктын шарымына түшкөнү, ахлю-Сунна имамдарынын бирин да тааныбаган себептен болуп кетти, тек Абул-Хасан ал-Аш’ари менен Абу Мансур ал-Матурудини гана аалым деп санашат.

Көптөгөн ислам университеттери менен медреселеринде ошол Абул-Хасан ал-Аш’аринин, немесе Абу Мансур ал-Матурудиди акыйдасы сабак ирээтинде окутулат. Өкүнүчтүүсү, ошол университеттен чыккан көптөгөн аалымдар таухид тууралуу билишпейт, тек аш’арилик менен матурудилик багыттагы илимге сугарылышат.

Мен Матурудинин «Китабу Таухид» аттуу китебин көрдүм. Йа, Аллах, аны ошол үчүн кечире көр! Ичи күмөндүү нерселерге жана адамдын ой-пикирлерине толо болгондуктан ал китепти «Философия жана талаш-тартышуу китеби» деп атаган жөн болор эле».