• Акыйда

    Имам Абу Ханифанын  Таухид, Тавассуль, Аллах асманда тууралуу айткан сөздөрү

    Биринчиси: Имам Абу Ханифанын тавассуль кылуунун шариаттык жолун (ат-тауассул аш-шаръий) жана бидаат жолун (ат-тауассул ал-бидъий) түшүндүрүүсү: ❶ Абу Ханифа мындай деген: «Ким Аллахка дуа кылса, Ага тек Алланын Өзү аркылуу гана жалбарынуу керек. Шариятта уруксат этилген дуалар тууралуу бул аятта айтылат: “Эң жакшы ысымдар Аллахка таандык. Ошондуктан ага ошол ысымдар аркылуу дуа кылгыла. Анын ысымдарында (бузуктукка) оогон адамдарды таштагыла. Алар тез арада кылмышына жараша жазаланышат” («ал-Араф» сүрөөсү, 180-аят)». Кз.: «ад-Дурр ал-Мухтар», 6/396-397. ❷ Абу Ханифа мындай деген: «Аллахка дуа кылуучу: “О Аллах, мен Сенден баланчанын акысы менен сураймын”, — же болбосо, — “Мен Сенден элчилериң менен пайгамбарларыңдын акысы менен сураймын”, — же, — “Мен Сенден Сенин  ыйык Үйүңө (аль-Байт аль-Харам) жана ыйык  Мекениңе (ал-Маш’ар…