Биринчиси: Имам Абу Ханифанын тавассуль кылуунун шариаттык жолун (ат-тауассул аш-шаръий) жана бидаат жолун (ат-тауассул ал-бидъий) түшүндүрүүсү:
❶ Абу Ханифа мындай деген: «Ким Аллахка дуа кылса, Ага тек Алланын Өзү аркылуу гана жалбарынуу керек. Шариятта уруксат этилген дуалар тууралуу бул аятта айтылат: “Эң жакшы ысымдар Аллахка таандык. Ошондуктан ага ошол ысымдар аркылуу дуа кылгыла. Анын ысымдарында (бузуктукка) оогон адамдарды таштагыла. Алар тез арада кылмышына жараша жазаланышат” («ал-Араф» сүрөөсү, 180-аят)». Кз.: «ад-Дурр ал-Мухтар», 6/396-397.
❷ Абу Ханифа мындай деген: «Аллахка дуа кылуучу:
“О Аллах, мен Сенден баланчанын акысы менен сураймын”, — же болбосо, — “Мен Сенден элчилериң менен пайгамбарларыңдын акысы менен сураймын”, — же, — “Мен Сенден Сенин ыйык Үйүңө (аль-Байт аль-Харам) жана ыйык Мекениңе (ал-Маш’ар аль-Харам) тийиштүү нерсе үчүн сураймын”, — деп айткан сөздөрү кандай жийиркеничтүү». Кз.: «Шарх ал-Акида ат-Тахауийя», 234; «Итхаф ас-Сада ал-Муттакин», 2/285; ал-Каридин «аль-Фикх ал-Акбарга» шархы, 198.
❸ Абу Ханифа мындай деген: «Аллахка дуа кылып, жалбарынуучу адам Ага тек Анын Өзү аркылуу гана дуа этүү керек. “Сенин Аршыңдын[1] улуктугу үчүн” же “Сенин макулуктарыңа тийиштүү болгон нерсе үчүн”, — деп айтуу мага жек көрүнүчтүү». Кз.: «ат-Тауассул уал-Уасила», 82; «ал-Фикх ал-Акбардын» шархы, 198.
Экинчи: Абу Ханифанын Аллахтын сыпаттарын тастыктоо тууралуу айткан сөздөрү жана жахмилердин[2] көз караштарын четке кагуусу
❹ Абу Ханифа мындай деген: «Аллах Тааланы макулуктардын сыпаттары менен сыпаттоого болбойт. Анын Каары (годоб) менен Ыраазылыгы (ридо) турасында: “Алар кандай?” (кайфа), — деп суроо коюу тыюу салынат. Бул Анын сыпаттарынын ичинен эки сыпаты болуп эсептелет.
Ахли ас-Сунна уал-Жама’нын көз карашы ушундай. Аллах каарданат жана ыраазы болот. “Анын каары – бул анын жазасы, ал эми ыраазылыгы – бул анын сообу”, — деп айтууга болбойт. Биз аны Ал өзүн кандай сыпаттаган болсо — туура ошондой сыпаттайбыз: Ахад (Бир, Жалгыз), Самад (Беймуктаж, Өзүнө Өзү толук жеткилүктүү), лам йалид уа лам йулад уа лам йакун лаху куфууан ахад (Ал туубаган жана туулбаган жана ага окшош эчким жок), Хайй (Тирүү), Кадыр (баардык нерсеге Кудуреттүү), Самиъ (баардык нерсени Угуучу), Басыр (баардык нерсени Көрүүчү), ‘Алим (баардык нерсени Билүүчү). Аллахтын Колу алардын колунун үстүндө, бирок Анын Колу макулуктардын колдоруна окшобойт, Анын Жүзү макулдуктардын жүздөрүнө окшобойт». Қз.: «ал-Фикх ал-Абсат», 56.
❺ Абу Ханифа мындай деген: «Анын Колу (Йад), Жүзү (Уажх) жана Болмушу (Барлыгы) (Нафс) бар. Бул тууралуу Аллах Куранда айткандай. Анын Жүзү, Колу жана Барлыгы жөнүндө: «Алар кандай?», — деп суроого тыюу салынат. Же “Анын Колу – бул кудурети (кудра), же Анын жакшылыгы (ниъма)”, — деп айтууга болбойт, анткени мындай сөздөрдө Аллахтын сыпаттарын жокко чыгаруу (ибтал) бар, бул кадарилер[3] менен му’тазилилердин көз караштары болуп эсептелет». Кз.: «ал-Фикх ал-Акбар», 302.
❻ Абу Ханифа мындай деген: «Аллах Тааланын Барлыгы тууралуу эч ким эч нерсе (илими жок туруп) сүйлөбөө керек. Тескерисинче, Ал Өзүн кандай сыпаттаган болсо, ошондой сыпаттоо керек. Ал тууралуу жеке пикирге (райй) сүйөнгөн нерсе айтууга болбойт. Ааламдардын Раббиси Аллах Таала Аруу (Пак)!». Қз.: «Шарх ал-Акида ат-Тахауиййя» (2/427). Доктор ат-Туркидин «Жала’ ал-‘Айнайн» изилдөөсү (368).
❼ Абу Ханифадан Аллахтын биринчи кабат асманга түшүүсү (ан-нузул) тууралуу сураганда, мындай деп жооп берген: “Кандай деп суроого болбогон акыбалда түшөт”. Кз. ал-Байхаки «Акида ас-Салаф Асхаб ал-Хадис», 42 жана «ал-Асма уа ас-Сыфат» 456. Хадистер м’н асарлардын сахихтигин шейх ал-Албани текшерген «Шарх ал-Акида ат-Тахауиййяны» 245 жана ал-Каридын «ал-Фикх ал-Акбар» 60 шархын караңыз.
❽ Абу Ханифа мындай деген: «Аллахка дуа кылганда төмөнгө эмес, жогоруга кароо керек, анткени төмөн Аллахтын Раббылыгынын (ар-рубубиййя) жана кулчулукту тек Ага арналуу (ал-улюхийя) сыпатына таптакыр туура келбейт». Кз.: «ал-Фихк ал-Абсат», 51.
❾ Абу Ханифа мындай деген: «Ал (Аллах) каарданат жана ыраазы болот. “Анын каары – бул жазасы, ыразылыгы – бул анын сообу”, — деп айтуу болбойт». Кз.: «ал-Фикх ал-Абсат», 56.
❿ Абу Ханифа мындай деген: «Аллах Өзүнүн жаратылыштарынын эч кайсысына окшобойт жана Анын жаратылыштарынын эч кайсысы Ага окшобойт. Ал Өзүнүн ысым-сыпаттарына ар дайым ээ болгон жана ээ болууну эч качан токтотпогон». Кз.: «аль-Фикх аль-Акбар», 301.
❶❶ Абу Ханифа мындай деген: «Анын сыпаттары макулуктардын сыпаттарынан айырмаланып турат. Анын билими биздин билимибизге окшобойт. Кудурети биздин кудуретибизге окшобойт. Ал көрөт, бирок биз көргөндөй эмес. Ал угат бирок биз уккандай эмес. Ал сүйлөйт бирок биз сүйлөгөндөй эмес». Кз.: «аль-Фикх аль-Акбар», 302.
❶❷ Абу Ханифа мындай деген: «Аллах Тааланы макулуктардын сыпаттары м’н сыпаттоого болбойт». Кз.: «ал-Фикх аль-Абсат», 56.
❶❸ Абу Ханифа мындай деген: «Ким Аллахты адамдын сыпаттары менен түспөлдөп сыпаттаса – каапыр болду». Кз.: «аль-Акида ат-Тахауиййя» шейх аль-Албанинин эскертмелери менен, 25.
❶❹ Абу Ханифа мынай деген: «Ал илахи (кудайлык) затына тийиштүү сыпаттарга ээ жана илахи амалдарга байланыштуу сыпаттарга ээ. Затына тийиштүү сыпаттарга мисал: өмүр, кудурет, илим, сүйлөө, угуу, көрүү, калоо. Амалдарына тийешелүү сыпаттарга мисал: жаратуу, ырыскы берүү, өстүрүү, жаңыдан жаратуу (ибда’), бар кылуу (сон’)». Кз.: «аль-Фикх аль-Акбар», 301.
❶❺ Абу Ханифа мындай деген: «Аллах бардык убакта иш-арекет жасоочу. Иш-арекет – бул Аллага түбөлүк тийиштүү болгон сыпат. Аллах Таала иш-арекетти жасоочу болуп эсептелет, иш-арекет Анын түбөлүк сыпаттарынан. Иш-арекет багытталган нерсе (маф’ул) жаратылган (махлюк), ал эми Аллахтын иш-арекетинин өзү жаратылбаган (гойр махлюк)». Кз.: «аль-Фикх ал-Акбар», 301.
❶❻ Абу Ханифа мындай деген: «Ким: “Мен Раббымдын кайда экенин – жердеби же асмандабы — билмеймин”, — деп айтса, капырлыкка түштү. Бул нерсе “Ал Аршта, бирок мен Арштын кайда экенин – асмандабы же жердеби — билмеймин”, — деп айтуучу адамга да тийиштүү». Кз.: «аль-Фикх аль-Абсат», 46.
Ушул сыякту сөздөр бул булактарда да келтирилет: шейхуль-Ислам Ибн Таймийя «Мажму’ аль-Фатауа» (5/48), Ибн аль-Кайим «Ижтима ал-Жуйуш аль-Исламийя» (139), аз-Захаби «аль-Улюуу» (101-102), Ибн Кудама «аль-Улюуу» (116), Ибн Аби аль-Изз бин Абд ас-Салам «Шарх аль-Акида ат-Тахауиййя» (301).
❶❼ Бир аялдын “Сенин кулчулук кылуучу (Кудайың) кайда?” деген суроосуна, Абу Ханифа: “Акыйкатта, Аруу Аллах Таала жерде эмес, асманда”, — деп жооп берген. Бир киши андан: “»Силер кайда болсоңор, Ал силер менен бирге» («аль-Хадид» сүрөөсү, 4-аят) деген аяты тууралуу эмне айтасың?”, — деп сураганда, ал: «Бул сен бир адамга жазган катыңда «Мен сени менен биргемин», — деп жазганыңдай, бирок сен анын жанында турган жоксуң», — деп жооп берди. Кз.: «аль-Асма уа ас-Сыфат», 429.
❶❽ Абу Ханифа мындай деген: «Аллахтын Колу алардын колдорунун үстүндө, бирок макулуктардын колдоруна окшобойт». Кз.: «аль-Фикх ал-Абсат», 56.
❶❾ Абу Ханифа мындай деген: «Сүйлөгөн (Мутакаллим) дал Аллах Өзү эле жана бул Мусанын сөзү эмес болчу». Кз.: «аль-Фикх аль-Акбар», 302.
⑳ Абу Ханифа мындай деген: «Аллах Өзүнө таандык сүйлөө сыпаты менен сүйлөдү. Сүйлөө анын түбөлүктүү сыпаты болуп эсептелет». Кз.: «ал-Фикх аль-Акбар», 301.
❷❶ Абу Ханифа мындай деген: «Ал сүйлөйт, бирок (Анын сүйлөөсү) биздин сүйлөөгө окшобойт». Кз.: «аль-Фикх ал-Акбар», 302.
❷❷ Абу Ханифа мындай деген: “Муса Аллахтын сүйлөгөнүн уккан, бул тууралуу Аллах Таала мындай деген: «Аллах Муса м’н түзмө-түз сүйлөштү«”. Кз.: «аль-Фикх аль-Акбар», 302.
❷❸ Абу Ханифа мындай деген: «Куран — китептерде жазылган (масахиф), жүрөктөрдө сакталган, ооздор м’н окулуучу жана Пайгамбарга ﷺ түшүрүлгөн Аллахтын Сөзү болуп эсептелет». Кз.: «аль-Фикх аль-Акбар», 301.
❷❹ Абу Ханифа мындай деген: «Куран жаратылбаган».Кз.: «аль-Фикх аль-Акбар», 301.
[1] Имам Абу Ханифа жана Мухаммад бин аль-Хасан адам өз дуасында: «О, Аллах! Чындыгында, мен Сенден Аршыңдын улуктугу менен сураймын», — деп айтуусун айыпташаар эле. Себеби ага эч кандай далил жана текст (насс) келген эмес дешкен. Ал эми Абу Йусуф «Пайгамбар ﷺ: “О, Аллах! Чындыгында, мен Сенден Аршыңдын улуктугу менен жана Китебиңден чыгуучу түгөнгүс ырайымың менен сураймын”, — деп дуа кылган» деген хадиске сүйөнүп, ушундай кылууга уруксат берчү. Бул хадисти ал-Байхаки “ад-Даъауат ал-Кабира» китебинде келтирет. Ошондой эле «ал-Бинайа» (9/382) жана «Насб ар-Райя» ( 4/272) китептеринде да келтирилген.
Бирок бул хадистин иснадында үч чоң айып бар: Дауд бин Абу Асим деген риваятчы Ибн Мас’уддан хадис укпаган; Абдул-Малик бин Журайж мурсал хадистерди жеткизүүчү сөздөрдү алмаштыруучу (мудаллис) болгон; Амр бин Харун жалганчы! деп айыпталган.
Ушундан улам Ибн ал-Жаузи мындай деген: «Эч бир күмөнсүз, бул хадис, силер муну өзүңөр көрүп турганыңардай, ойдон токулган хадис жана иснады кемчиликтерге ээ». Кз.: «ал-Бинайа», 9/382; «Тахзиб ат-Тахзиб» (3/189), (6/405), (7/501) жана «Такриб ат-Тахзиб» (1/520).
[2] Жахмия – калам агымынын бир тармагы. Анын жолдоочулары өздөрүн мусулманбыз деп эсептешет, бирок ыйманга жана Аллахтын көркөм ысым-сыпаттарына келгенде динде жок бидаат, сүннөткө каршы көз караштарды карманышкан. Бул агымдын негиздөөчүсү Абу Мухриз деген ат м’н таанылган аль-Жахм ибн Сафуан деген киши болгон. Анын иш-арекети хижранын 102-жылы өзүнө аалымдардын көңүлүн бурдурган. Ал адамда эрк жок деп, алгачкы болуп Курандын жаратылгандыгы тууралуу динбузар көз караштарды тарата баштады жана илахи сыпаттарды толугу м’н жокко чыгарды. Жахмилердин коркунучтуу ишенимдеринин бири Аллахтын сыпаттарын толугу менен жокко чыгаруулары. Иш жүзүндө алар Анын көркөм ысымдарын да жокко чыгарышат, анткени аларды башкача мааниде түшүнүшөт. Жахмилер адам иш-арекет жасоо мүмкүнчүлүгүнө, каалоого жана тандоо эркине ээ эмес деп айтат. Алар ыйман ишеним, тил м’н айтуу жана амалдан турбайт деп айтат. Жахмилер ыйман — Аллах тууралуу билүү бул капырчылык, Аллах тууралуу билбөө ыйман деп айтат. Бул тууралуу, алар: «Адам алдын Аллах тууралуу билип, андан соң андан сөз м’н баш тартса да, ал момун (ыйман келтирген) болуп кала берет», — дешет. Алар пайгамбарлардан баштап карапайым мусулмандарга чейин баардыгын ыйманы бирдей деп эсептейт. Жахмилер Кыямат күнү боло турган көптөгөн окуяларды жокко чыгарышат. Алар тозоктун үстүндөгү кыл көпүрөгө (ас-Сырат) ишенишпейт, амалдар тартылуучу Таразага (Мизам) ыйман келтирбейт, Аллахты (Жаннатта) көрүүнү жокко чыгарат, кабыр азабын жокко чыгарат жана Тозок м’н Жаннат жок болуп кетет деген (ката) ишенимди таратат. Алар Аллахтын сүйлөгөнүн жокко чыгарат жана Аллах Өзүнүн Барлыгы м’н жаратылыштарынын арасында дейт. Жахмилердин ишенимин көптөгөн мартабалуу мусулман аалымдары жокко чыгарышты, алардын ичинде Ахмад ибн Ханбал, Ибн Кутайба, ад-Дарими, Ибн Таймийяны ж.б айтууга болот
[3] Кадарилер – «ал-кадар» («жазмыш», «өлчөм») сөзүнөн чыккан динбузар агымдын өкүлдөрү. Бул агым мусулман жыл санагы м’н I-кылымдын экинчи жарымында пайда болгон. Кадарийлер: «Адам өз иш-амалдарын жарата алат жана өзүнүн арекеттерин Аллахтын калоосуз өзү жасайт», — деп айтат. Бул жолдун негизин салгандарды ошол кездеги падышалар өлүм жазасына тартышкан: халиф Абд аль-Малик хижранын 80-жылы Мабад аль-Жухани дарга асат; анын шакирти Айлан ад-Димашкини болсо халиф Хишам буту-колдорун кесип таштап, кийин дарга асып өлтүрөт.
Кадарийлердин адамдын тандоо (эрк) тууралуу ишенимдери христиандык чөйрөнүн таасири астында калыптанган жана жогоруда аталган адашкан агымдын негиздөөчүлөрү арабдардан болгон эмес. Кадарийлер адам эрк боштондугу менен жаралган деп үгүттөгөн, ошондой эле жаман тагдыр Аллахтан болуу мүмкүн эмес деп, «илахи адилеттүүлүк» тууралуу корутунду чыгарышкан. Кийинчерээк кадарийлердин көзкараштары муътазилийлер тарабынан колдоого алынды.