• Без рубрики

    Абу Мансур аль-Матруди деген ким болгон?

    Матурудия – акыйда мазхабы. Негиздөөчүсү Абу Мансур аль-Матуруди. Азыркы ханафибиз дегендер “фикхте Абу Ханифаны, акыйдада аль-Матурудини карманабыз”, “Аль-Матуруди акыйдада илимдүүрөөк” деп айтышат. Бирок бул жалган сөз. Абу Ханифа ага караганда бир канча ирээт илимдүү болгон акыйдадан да, фикхтен да. Бирок азыркы ханафибиз дегендер эмнегедир Абу Ханифанын акыйда тууралуу калтырып сөздөрүн, ачык жана түшүнүктүү жазылган “Фикх аль-Акбар” деген китебин эмес; же ханафи мазхабынын башка аалымдары акыйдага арнап жазышкан илимдүү китептерин эмес (алардын эң белгилүүсү эле Имам ат-Тахавинин “аль-Акыйда ат-Тахавиясы”), бирок философияга негизделип, хадис-асардан алыс жазылган аль-Матурудинин китептерин карманышат. Ошол эле мезгилде аль-Матуруди кимден, кантип, канча, эмне деген илим алганы тарыхта белгисиз (!). Ал эми анын төрт устазы да “дуафа”лар (хадистери назарга…

  • Без рубрики

    Абу Ханифанын өмүр таржымалы

    Төрөлүшү жана өсүшү Абу Ханифа ан-Нуман ибн Сабит – факих, мухаддис, Ханафи мазхабынын негиздөөчүсү. Ал Куфа жергесинде Абдулмалик ибн Марван халиф болуп турган кезде (Умавийлер халифаты) 80 хижра жылы (699-жылы) жарык дүйнөгө келген. Ал жактан тарбияланып, жашоосунун көбүн ошол жакта жашаган, жана Багдад шаарында бул дүйнөдөн өткөн. Сыпаттары жана адеби Имам Абу Ханифа (Аллах ырайымына алсын) өтө акылдуу, зээндүү, сүйлөсө күчтүү далил-негиздерге таянып сүйлөгөн, келбетүү, бир туугандарына кайрымдуу, захид (аскет) киши болгон. Абу Ханифа (Аллах ырайымына алсын) соода-сатык тармагында иштеп, чынчыл, аманатка бекем соодагер эле. Ал көп жыл соода тармагында иштегендиктен, каада-салтты, адатты, алака-мамилелерди, соода-сатыктын жана карызга алыш-бериштин жол-жоболорун иш жүзүндө көрүп, өтө чоң тажрыйба топтогон. Ал жибек жана жибектен…