Долбоор тууралуу

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен

Бүткүл нерсени Билүүчү, Даанышман, ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!

Адамдарга Аллах Тааланын динин жана Шариатын үйрөткөн, аларды Аллахтын динин туура түшүнүүгө, жана бул диндин эрежелери менен өкүмдөрүн үйрөнүүгө үндөгөн, о.э.:  «Аллах кимге жакшылык кааласа, ага динди туура түшүнүүнү насип кылат», — деп айткан (ал-Бухари: 71; Муслим: 1037), адамдарга устаз, башчы, туура жолго баштоочу, тарбиячы жана кеңешчи ирээтинде жиберилген Аллахтын кулу жана Элчиси Мухаммед пайгамбарга салаваттар менен саламдар болсун!

Ислам дини бүтүн жана бурмаланбай сакталуусун, ачык айкын болуп кала беришин жана туура жол издегендер үчүн Кыяматка чейин шам-чырак болуп жол көрсөтүп турушун убада берген – Аллах Таала – бул динге Куранды тапсирлеген, анын мыйзам-эрежелерин түшүндүрүп берген, Анын Пайгамбарынын ﷺ Сүннөтүн сактап, сахабалар менен аларды чын жүрөктөн ээрчигендердин сөздөрүн жыйнаган аалым-имамдарды алып келди.

Алар Куран-Сүннөттү жана ислам тарыхынын алгачкы үч кылымында өмүр сүргөн имамдардын көз караштарын жана сөздөрүн изилдөөдө, өз түшүнүгүн жана илимин пайдаланышты, Куран-Сүннөттө түз көрсөтмө болбогон жаңы кубулуштарды изилдешти, жана ушул аркылуу тийиштүү эрежелерди чыгарып, бардык суроолорубузга жооп берип, туңгуюкка кабылган ар бир инсан үчүн жолбашчы боло турган, өмүрдүн бардык жагдайларына карата эрежелерди калтырышты.

Мындан тышкары, алардын Куран-Сүннөттү түшүнүүлөрү, аларга шариаттын негизинде усул-эрежелерди түзүп чыгууга мүмкүндүк берди. Ал усул-эрежелерди колдонуу аркылуу, ар бир учурдун окуялары жана маселелери, жаңы көрүнүштөрү, адамдар арасындагы карым-катынаштары тууралуу өкүм чыгарууга болот. Бул уламалардын өлүмүнөн соң, алардын изинен, бүгүнкү күнгө чейин ушул ишти аркалаган, жана келечекте да Аллах каалаганча аркалоочу факихтер басышты.

Сиздердин назарыңыздарга такыбачылыгы жана диндарлыгы менен айырмаланган, Шариат илимин жогору баалаган, аны дүнүйө кызыкчылыктарына алмаштырбаган жана акыйкатты эч качан жашырбаган, фикх калаасында эң залкар имамдардын бири тууралуу долбоорду сунуштайбыз. Анын шариат жана фикх илиминин өрчүшүнө кошкон үлүшү өзгөчө салмактуу. Ал Ислам тарыхында «ал-Имам ал-А‘зам» («улуу имам») деген лакап менен таанымал.

Сөз факихтардан болган имам Абу Ханифа ан-Ну‘ман ибн Сабит тууралуу болууда, Аллах аны ырайымына алсын.

Биздин максатыбыз – кыргыз тилдүү мусулмандарга имам Абу Ханифанын акысыз унутулган мурасын кайтарып берүү жана аны үммөттүн кийинки интеллектуалдык, руханий жана маданий өсүшүнө кызмат жасатуу. Ошондой эле биздин сайтыбыздын беттеринде, Аллах Тааладан уялбай жана коркпой туруп, бул улуу аалымга  ага  эч качан тиешелүү болбогон нерселерди чаптаган, өзүлөрү Абу Ханифа мазхабын фанаттык түрдө ээрчиген мусулмандардын адашууларын жокко чыгарган макалаларды таба аласыз.

Биз имам Абу Ханифа (Аллах аны ырайымына алсын) тууралуу маалыматтарга объективтүү кароого аракет кылабыз жана сайтыбыздын окурмандары да ушундай карайт деп үмүттөнөбүз.

Аллах Таала баарыбызга пайдалуу илим насип этип, Акыйкатты акыйкат деп көрсөтүп, ага бизди алып келсин, жана жалганды жалган деп көрсөтүп, андан бизди алыс кылсын!

Урматыбыз менен,
«Абу Ханифа мурасы» сайтынын администрациясы